Созу:Эрнис Тумонбаев Обону:Арслан Садыбакасов Жан биргем Сени эстесем бүт санаадан арылам, Сени эркем куса болуп сагынам. Ашыгым билсең,асылым бир сен! Сени ойлосом мен бакытка чөмүлөм, Селдей агып жамгыр болуп төгүлөм. Арзыганым сен,арзуумду бил сен! Көздөрүң мөлтүр акактайым, Күн дагы сен деп батат дайым. Сен сезсеңчи?Эркем деги. Карегиң мончок карагаттай, Каралдым кетпе жаралап ай. Жүрөгүмдү, билсең сүйөрүмдү Жан биргем жашыл жазым менин, Жандүйнөмдө жанып сезим. Жароокерим мага жагат жылмайганың! Жан биргем аткан таңым менин, Жактырамын жаным сенин. Жазым ойлорумда өзүң дайыма. Өзүң барда өмүр таттуу сезилет, Балкып жүрөк бал сыңары эзилет. Болбочу күмөн, өзүңдү сүйөм! Сен жылмайсаң уячаңдан бал тамат, Сен күлгөндө күн да сенден жалтанат. Күндөйүм менин, күлкүңдөн сенин! _ Көздөрүң жайнап күлүп турат, Көздөрүм сени сүйүп турат. Кара көзүм,кара көзүм! Карегиң оттой күйүп жанат, Жүрөгүм сен деп күйүп барат. Жашыл жазым,менин сагынарым!
🤩🤩
Алмаз Аман унун соонун экен мага жакты баспаймын деп капа болбогун!!!!Бул да Кудайдын сыноосу да зато омурунду жон Гана откозгон жоксун????Акыл эстуу жашоого коз карашын башкача экен мыктысын
Жакшы болуп, басып кетет деп ишенем. Алмаз. Сен күчтүүсүң, Кудайым сага жардам берсин. Оомийн
Унун тунук таза экен👍
Жакшы ыр болуптур сонун ийгилик каалаймын.
Алмаз сенин унун керемет турбайбы ырдаганынды чындап Эми коруп атам ырчы турбайсынбы, молодец ийгилик сага
Керемет ун 👍👍👍👍🥰
Азаматсын зор болгон
Алмаз бар онорун оркундой берсин!!! Бактылуу болгула!!!
Ийгилик
👍👍👍🌷🌷🌷
Аллахым шыпасын берсин сакайып кет оркундоп осо бер мусульман бир тууганым
Молодцин👍👍👍👍
Алмаз, Азаматсын!
Бардык ырларын,клиптерин эн жакшы!
Талантынды оркундото бер
Эч качан сынба!
Куш боон бек болсун!
Тилегинерге чогуу жеткиле!
Ишине ийгилик , ден - соолукта бол , онорун оркундой берсин эртерек басып кет ,уй - булолук бакыт
👏👏👏👍
Басып кетесин, балам.
Азаматсын ото соонун чыгыптыр онорун Оркундой берсин
Алмаз, аябай сонун ыр экен. Чыгармачылык ийгилик, клип маанилүү экен👍👍👍 Сага кааларым сакайып чуркап кет 🤲🤲🤲