Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов

1405688
481
9427
16.11.2020
Описание видео:

Досума С. О. Сыймык Бейшекеевдики Бул ыр, бул дүйнөдөн көзү ачык кеткен, маркум биздин досубуз Таалай Бектургановдун жаркын элесине багышталмакчы... Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты, Көкүрөк дарты жарылбай жатты. Убакыт учат зымырык куштай, Уйкусуз далай таңдар да атты. Колдон бир келбес иш экен аттиң, Козголбос жайга сен эми кеттиң. Чымындай жаның чыркырап кетти, Чын кеткениңди мен бүгүн сездим. Эмне мынча сен эртелеп кеттиң, Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң. Укканда сени ишене албай, Ушак бул жалган бир кептир дедим. Арман күн андай болбоду досум, Ыр бутагына конбодуң досум. Аталап ыйлаар туяк калтырып, Анан кийин не соолбодуң досум. Арбыбай сенин кадамың досум, Арылбай жакшы арааның досум. Сыздатып коюп сен учуп кеттиң, Сагындык сенин карааның досум. Артыңдан калган досторуң досум, Армандуу коштойт үнүңдү досум. Черткенде черди таркатчуң аттиң, Гитардын кылы үзүлдү досум. Арман ыр жүрөк толгойт го досум, Өзүңдөй эми болбойт го досум. Эрте алып кеткен арадан бөлүп, Боору таш ажал тойбойт го досум. Булактын көзү соолдубу досум, Буурчак жаш көзгө толдубу досум. Береним бизден бөлүнүп учтуң, Бейишке жаның кондубу досум. Узатып бирге өзүңдү жоктоп, Табигат кошо ыйлады досум. Таарыныч айтып тагдырга наалат, Канча жаш жүрөк сыздады досум. Тууганың менен досторуң досум, Жүргөнбүз сени жан тутуп досум. Келдиң да кайра шашылыш кеттиң, Ата-энең калды кан жутуп досум. Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп, Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп. Кантели тагдыр ушу экен арман, Аркаңда калдык буркурап-боздоп. Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай, Күйүткө салдың эң эле Таалай. Таалайы тайкы адамдай болуп, Тагдырың неден кем эле Таалай. Кызарып күнүң баттыбы досум, Күкүктөй үнүң каттыбы досум. Жалынсак дагы келбейсиң кайра, Жаннатка жаның жаттыбы досум. Булутка күнүң баттыбы досум, Булбулдай тилиң каттыбы досум. Ыйласак укпай сен кетип калдың, А дүйнө эмне жактыбы досум? Туулган жериң Чаткалың досум, Турпагын жаздап сен жатканың досум. Адамдын баарын өзүндөй көрбөй, Жүрсөң бир болмок сактанып досум. Эзилип жүрөк зырп этти досум, Ээ кылбай ажал шыр кетти досум. Буркурап, боздоп биз калып калдык, Ырдалбай канча ыр кетти досум. Энеңе кыйын иш болду досум, Кандай бир күнгө туш болдуң досум. Бектурган уулу Таалайбек өзүң, Элиңен кеткен бир куш болдуң досум. Ырларың калды аманат досум, Унутулбай ырың ырдалат досум. Таалайбек деген атың жүрөктө, Түк өчпөс болуп сакталат досум. Унутулбай ырың ырдалат досум, Кош, эми Таалай, тынч укта досум... 1995-жыл, декабрь айы

Кадры из видео
Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов
Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов
Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов
Досума - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #досума #таалайбектурганов
Тэги из видео
Комментарии пользователей:
Jeshdh Amato
2023-01-15 16:59:50

Денгеели бекем жазылган ыр

Аман Эралилев
2023-01-15 13:53:11

« Келдинда кайра шашылыш кеттин Ата - Энен калды кан жутуп ДОСУМ» !!!

Исхак Мамасалиев
2023-01-13 14:03:25

Дос болсоң ушундай дос бол!

Искендер Саткыналиев
2023-01-13 06:16:53

Менда

Айка Толонова
2023-01-11 11:26:19

😢😢😢😢😢😢

Братан кызы Жаныл
2023-01-02 18:38:42

ЧОРМОНОВ МИРЛАН ♥️

коля коля
2023-01-02 16:40:29

зор шығыпты өлең

Залкар Абдыкаимов
2023-01-01 16:32:08

2023 жылкы коргондор барбы ??

Zarina
2023-01-01 15:33:49

Бекжанды да эстетет экен окунчтуу тагдыр

Tanzira
2022-12-25 19:57:41

Жайыныз жанаттан болсун🤲🤲 😥😥 кыргыз эли учун тируусуз эч качан унутпайбыз сизди

Байкал Кадыров
2022-12-25 14:13:04

😢😭😭🤲🤲🤲

mnn8888
2022-12-22 13:30:13

Досу учун ушунча ырдаган Сыймык байке 👏👏👏👏

Бармалей
2022-12-18 11:02:21

18.12.2022 ж угуп жатам, ыйлап бутпой калдым, биз эгизбиз Бакытбек-Таалайбек, Таалайды 2008 жылы Казахстанда бысактап коюшуп каза болгон, азырда ойлоном эмнеге мен жок жерде болгон? Эмнеге мен оордуна мен болгон эмесмин? Ушул ой жеп бутот эми омур бою, азыр 6 балам бар,,, Таалайдын оорду билинет дайыма, боорумун жарымы жоктой😭😭

Надира Турсалиева
2022-12-17 04:16:38

Жаткан жери жайлуу болсун

Надира Турсалиева
2022-12-17 04:15:25

Бармын мен да угуп ыйлап олтурам 2022ж,17 декабрь

Бегаим Усенова
2022-12-14 12:51:51

2022 декабрь да эми угуп баалап атам Сыймыкты!

Nanay Nanaycity
2022-12-14 07:47:53

Ийгилик каалайм сыймык бейшекеев

Rysbek Satybaldiev
2022-12-05 13:36:22

Уксам эле илагым келип кетет🥺🥺

Datkaiym Kokarova
2022-12-04 11:03:02

Сиздей болуп мен да ыйладым ушун дай жакшы адамдар арабыздан эрте кеткени окунтот кандай асыл бала арга жок эми жайы жаннатта болсун оомиийин деп дуа кылабыз

Что ищут прямо сейчас
накладки на пороги нива seeds of lagenaria Странная жизнь odappazham media цифровое пианино бабочка кс го imax b6 mini v2 new pins скачать бит татьянин день онлайн иммерсивити ксго маньяк yield farm Enduro Novochek JACK N JILL MOVIE FDFS гороскоп россии 送迎 асмр врач china anne mcclain тхт моа
Похожие видео
04.03.2020
КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык Бейшекеев

КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ – Сыймык Бейшекеев

21.07.2022
Таалай Бектургановдун ээн калган үйү. Өмүрбек Абдыкалыков.

Таалай Бектургановдун ээн калган үйү. Өмүрбек Абдыкалыков.

12.09.2019
Таалай Бектургановдун Табышмактуу Сүйүүсү Жаңы Олуму!Ачыкка Чыгып Кетти

Таалай Бектургановдун Табышмактуу Сүйүүсү Жаңы Олуму!Ачыкка Чыгып Кетти

12.09.2021
ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021

19.06.2019
Таалай Бектурганов / Ыр жыйнак

Таалай Бектурганов / Ыр жыйнак

08.01.2021
Раатбек баатыр - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #раатбекбаатыр #раатбексанабаев #дастан

Раатбек баатыр - Сыймык Бейшекеев #сыймыкбейшекеев #раатбекбаатыр #раатбексанабаев #дастан

29.07.2020
Мирлан Баеков - Өксүк ыры / Жаны клип 2020

Мирлан Баеков - Өксүк ыры / Жаны клип 2020

24.06.2012
Мухаммед Осмонов

Мухаммед Осмонов "Абактагы баланын арманы"

07.01.2022
Жалгызымсың - Сыймык Бейшекеев, Нурайым Акылбекова

Жалгызымсың - Сыймык Бейшекеев, Нурайым Акылбекова

22.04.2020
Күн чыгат кайра - кайра... Мен чыкпай батып барам... ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

Күн чыгат кайра - кайра... Мен чыкпай батып барам... ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

04.11.2019
САГА - Сыймык Бейшекеев

САГА - Сыймык Бейшекеев

16.03.2020
#рэп#музыка.  Таалай  Бектурганов (эстен кеткис эски ырлар)

#рэп#музыка. Таалай Бектурганов (эстен кеткис эски ырлар)

13.05.2014
Роза Аманова Ооган ыйы

Роза Аманова Ооган ыйы

09.01.2020
БЕК БОРБИЕВ/

БЕК БОРБИЕВ/ "сунам ыр десте" (ретро клип)

04.03.2018
АЛМАЗ ШААДАЕВ - ЭМИ МАГА БААРЫ БИР / ХИТ 2018

АЛМАЗ ШААДАЕВ - ЭМИ МАГА БААРЫ БИР / ХИТ 2018

04.10.2020
Мирбек Атабеков- Бул Дүйнө (Official Audio)

Мирбек Атабеков- Бул Дүйнө (Official Audio)